Жаңылыктар
Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өттү
Экономика
Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өттү

Президенттин Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өттү. Эки тарап, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү, курулуш жана туризм тармактары боюнча байланыштарды бекемдегенге кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу билдирген президент Садыр Жапаров, түркмөн ишкерлерин кыргыз экономикасына инвестиция салып, бир катар багыттар боюнча завод фабрикаларды курууга чакырды. 

Түркмөнстанда ак төөнүн карды жарылган убак деп азыр эле айта берсе болчудай. Мөмө- жемиштердин дээрлик бардыгы бышып, жеригиликтүү базар камсыздалып, андан сырткары сыртка экспорттолууда. Каз катар тизилген жашылча, мөмө-жемиштер көргөзмөнүн да көркүн ачат.
 
Президент Түркмөнстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, ага жаңы дем берүү керек экенин айтты. Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө көңүл бурат. Ошондой эле, түркмөн ишкерлери менен тажрыйба алмашууга жана өлкөнүн мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз базарына тартууга кызыкдар.