Жаңылыктар
Чүй облусунда сугат сууга коюлган чектен ашуу фактылары аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда сугат сууга коюлган чектен ашуу фактылары аныкталды

Бул туурасында Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча таанышуу учурунда белгилүү болду. 

Жунушалиев Чоң Чүй каналынын нугун кыдырып, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Москва райондорунун тургундары менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө айрым суу постторунда суу лимитинин чектен чыгуусу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. “Бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз функционалдык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылбай жаткандыгынын далили”, - деди ал. 

Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынды. Ага жараша Чүй облусунун Панфилов районуна чейин суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Аталган фактылар боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.