Жаңылыктар
Ош: күтүүсүз келген кырсык
Кырсык
Ош: күтүүсүз келген кырсык

6-август күнү Кара-Суу районунун Ош шаарына жакын жердеги айылында ири өрт чыкты. Тилсиз жоо кечке жуук тутанып, жалпысынан 8 үйдү каптаган. Кырсык кечке жуук болуп, өз учурунда өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, бир топ чыгымга алып келди.

Жалынды өчүрүү үчүн эл жардамга келген. 50 метр аралыктагы каналдан чакалап суу ташып чачышкан. Бирок ал да натыйжа берген эмес.

Учурда атайын штаб түзүлүп,өрттүн келип чыгуу себебин иликтеп жатат. Ал эми жыл башынан бери Кара-Суу районунун аймагында 112 өрт кырсыгы катталган.