Жаңылыктар
Мектеп бүтүрүүчүлөрү жалгыз бой энеге үй куруп беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп бүтүрүүчүлөрү  жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Талас областынын Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылында 2006-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү экинчи топтогу майып жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү үй куруп беришти.

Өткөн жылы мындай жакшы жөрөлгө ушул эле Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында башталган. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жакшы демилгелери социалдык жактан муктаж болгон адамдарга абдан чон жардам болууда.

Бүгүн Акгүл Акматалиева жаңы конушка кирип кубанычы койнуна батпай турган чагы. Ал тан эрте тасмал жазып, тамак-аш жасап  конок күтүүгө дайынданып жатат.

Жалгыз бой эненин кубанычын бөлүшүү үчүн анын бүтүн туугандары белек бечкектерин көтөрүп салтка ылайык чачыла чачып келишти.