Жаңылыктар
7 ай ичинде 1712 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
7 ай ичинде 1712 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында  өткөн  жети ай ичинде 1712 өрт кырсыгы катталды. Тилсиз жоонун басымдуу бөлүгү Чүй аймагында катталып жатат. Адистер, анын себептерин жарандардын өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы менен байланыштырышат. 

Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилиштеринде жайгашкан кафеде өрт чыкты. Тилсиз жоонун себептери азырынча аныктала элек.  Бул кырсыктан жабыркагандар жок. Ушундай  эле кырсыктар өлкөнүн башка аймактарда да  катталып жатат. Эко тех инспекциясынын кызматкеринин айтымында  шаарыбыздагы мекемелердин өрт коопсуздугун алдына алган иш-чаралар пландуу түрдө  бир жылда бир жүргүзүлөт.

Республика боюнча ушул жылдын жети ай ичинде 1712 өрт кырсыгы катталды. Былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла аз дешет адистер. Өрттөн кесепетинен чыккан материалдык чыгым 438 млн сомду түздү. Каза болгондордун саны жети ай ичинде өлкө боюнча 47 адамга жетти.