Жаңылыктар
Ысык-Көлдө социалдык шаарча пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө социалдык шаарча пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Тегизчил айылына социалдык шаарча комплекси курулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Кувейт мамлекетинин "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып салынган социалдык шаарчанын ачылыш аземи 28-июнда өттү. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ак-Суу районунун акими, кайрымдуулук фондунун жетекчиси, Кыргызстандагы өкүлү жана демөөрчүлөр катышты.