Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда Олимпиада оюндарына машыгышууда
Спорт
Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда Олимпиада оюндарына машыгышууда

Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, спортчу кыздар 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында машыгат. Кыргыз спортчулар менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу Константин Еремич да Таллин шаарында болушат. Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары Токио шаарында өтөт.