Жаңылыктар
Пенсиянын орточо өлчөмү 10 пайызга көбөйтүлөт
Экономика
Пенсиянын орточо өлчөмү 10 пайызга көбөйтүлөт

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн орточо  өлчөмү 10 пайызга көбөйтүлөт. Ал үчүнРеспубликалык бюджеттен 850 миллион сом каралган. 

Адистердин белгилөөсүндөпенсиянын көлөмүнүн көбөйүшү алды менен экономикага байланыштуу жана пенсиягачегерген каражатка карата эсептелет. 

Учурда республика боюнча 600 миңдинтегерегинде пенсия алуучулар бар жана алардын басымдуу бөлүгү орточо эсептеги пенсияны алып жатышат. Өзгөчө эмгек  сиңиргендер 15 миңдин айланасында пенсияалышат, алардын саны 2000 чамалуу.