Жаңылыктар
Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда. Эки өлкөнүн соода алакасы бекемделип, ишкерлер үчүн кенен мүмкүнчүлүк пайда болду. 

Президенттин Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер ишке ашырылып, Түркмөнстандан жиберилген жүк “Манас” аба майданына келип түштү. 37 тоннадан ашык курулуш материалдарын, жашылча-жемиштерди Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында 27-июнь күнү кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өтүп, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдиги менен Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган болчу. 

Тагыраагы жалпы суммасы 21 миллион доллардан ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды, азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.