Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө 30 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө 30 жыл болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө 30 жыл болду. Ошондой эле өрткө каршы кызматынын иштеп жатканына быйыл 95 жыл. Бул мааракелерге карата Бишкектеги куткаруучулардын эстелигине гүлчамбар коюлуп, майрамдык салтанат уюштурулду. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматкерлерди куттуктап, куткаруучу кесип чоң даярдыкты гана эмес, жеке эрдикти талап кыларын белгиледи. 

Ал оор кырдаалдарда куткарылган ар бир адамдын өмүрү үчүн ыраазычылык билдирип, калктын коопсуздугун сактоого багытталган иш-чараларга активдүү катышкан кызматкерлерге ардак грамота, төш белгилерди тапшырды. Маараке министрликтин өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.