Жаңылыктар
С.Жапаров расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Г.Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жапаров расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Г.Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду. Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча Сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш-жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын», — деп белгиленет Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында. 

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.