Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
 Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитти. БШКнын жаңы курамына 102 депутат добуш берди. 

Ошентип, президенттин квотасы боюнча Боршайкомдун курамына учурдагы төрайым Нуржан Шайлдабекова, Марс Бакытбеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Тойчиев, Акбалык Жумалиева жана Айдана Жулуева сунушталды. 

Парламенттин квотасы боюнча, Абдыжапар Бекматов, Искендер Гайыпкулов, Акылбек Эшимов, Тынчтыкбек Шайназаров, Узарбек Жылкыбаев, Кайрат Маматов Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына кирди.