Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Ааламдагы эң кымбат ресурс - билим
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Ааламдагы эң кымбат ресурс - билим

Ааламдагы эң кымбат ресурс — билим, — деди президент Садыр Жапаров мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жогорку инновациялык технологиялар заманында билимдин баалуулугуна токтолду. 

Ал коомчулук билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын жүзөгө ашуусуна кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи. 

Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону, жакырчылыкты кыскартууну, заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллигенцияны калыптандырууну камтый тургандыгына өзгөчө токтолду. Мамлекет башчысы кайсы гана мамлекетте болбосун өлкөнүн келечеги — таланттуу жаштар экенин белгиледи.