Жаңылыктар
Кайра шайлоого бюллетендер даярдалды
Шайлоо 2023
Кайра шайлоого бюллетендер даярдалды

Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого “Учкун” басмаканасы 611 миң 71 даана шайлоо бюллетенин даярдады. 

Анын 296 миң 173ү мамлекеттик тилде болсо 314 миң 898 даанасы расмий тилде. Арасында тесттик бюллетендер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн брайл шрифти менен атайын трафереттер дагы бар. 

Мындан сырткары аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору даярдалган. Эми мыйзамга ылайык, бюллетендер 3-июлдан кечиктирилбестен БШКнын мүчөлөрүнүн жана аймактык шайлоо комиссияларынын жалпы курамынын жарымынан аз эмес мүчөлөрүнүн катышуусу менен Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.