Жаңылыктар
Ташкенттен Ысык-Көлгө каттам ачылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкенттен Ысык-Көлгө каттам ачылууда

Эс алуу мезгилин утурлай Ташкенттен Ысык-Көлгө каттам ачылууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, алгачкы каттам 11-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конот. "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент - Тамчы - Ташкент маршруту боюнча каттамды жумасына бир ирет – жекшемби күндөрү жүргүзөт. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.