Жаңылыктар
Жалал-Абад - Тамчы каттамы кайрадан жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад - Тамчы каттамы кайрадан жанданды

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 1-июлда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, «Тез жет» авиакомпаниясынын RG 85 учагы менен Жалал-Абад - Тамчы багытында 91 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала барды. 

Ал эми Тамчы - Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти. Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти. Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.