Жаңылыктар
Ош—Сарыташ—Эркештам унаа жолунда сел жүрдү
Кырсык
Ош—Сарыташ—Эркештам унаа жолунда сел жүрдү

Ош—Сарыташ—Эркештам унаа жолунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 

"Автожолдун 72-чакырымында жалпы көлөмү 1300 метр кубду түзсө, 76-чакырымда 2 миң 100 куб метрди түзгөн. Тазалоо иштерин жүргүзүп калыбына келтирүү иштери уланууда. Тейлөө мекемесинен автогрейдер жана жүктөгүч унаалары иштөөдө", - деп айтылат маалыматта.