Жаңылыктар
"Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыкка түшүндүрмө
Кыргызстан жаңылыктары
"Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыкка түшүндүрмө

Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Мамлекет башчысынын «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди. Касымалиев белгилегендей, аталган Жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын структурасын оптималдаштыруу боюнча алпарылып жаткан иштин экинчи этабы болуп саналат. Ал Өкмөттүн структурасын өзгөртүп, министрликтерди, административдик ведомстволорду бириктирүү менен кыскартууга жетишилгенин, бирок кызматкерлердин саны көп өзгөрбөгөнүн түшүндүрдү. 

«Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин көбөйгөн», — дейт Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, ал бюджеттен абдан көп каражатты талап кылат. 

Аталган Жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30%га же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. 

Анткени, Эмгек кодексине ылайык, быйыл кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысы төлөнүп берилет. Учурда Экономика жана финансы министрлиги Жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштады, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча жумуш алпарылууда.