Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылынын расмий жабылышы ноябрь айында болот
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылынын расмий жабылышы ноябрь айында болот

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын расмий жабылышы быйыл ноябрь айында болот. Бул тууралуу Маданият,маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Москвада өткөн жолугушуусу учурунда белгилүү болду. 

Мындан тышкары Дүйнөлүк "Эпос" фестивалы, "Кыргызстан - кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү кинофестивалы" сындуу долбоорлордун каржы маселеси каралып, Маданий Борбор катары тандалып алынган Каракол шаарында өтүүчү иш-чаралардын тутуму, бир катар долбоорлордун ишке ашуу маселелери ортого салынып, чечүү жолдору аныкталды. 

Жолугушууда министр Кайрат Иманалиевдин ушул жылдын күз айларына пландалган атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 90 жылдыгын өз өмүрүнүн акыркы жылдарын арнаган Санкт- Петербург шаарындагы айтылуу Мария театрында белгилөө демилгеси колдоо таап, Швыдкой баштаган делегация бир добуштан кубаттады.