Жаңылыктар
Европа өлкөлөрүндө саякаттоо үчүн Covid сертификаты расмий түрдө ишке кирди
Дүйнө
Европа өлкөлөрүндө саякаттоо үчүн Covid сертификаты расмий түрдө ишке кирди

Европа өлкөлөрүндө саякаттоо үчүн Covid сертификаты расмий түрдө ишке кирди. Бул тастыктама адамда коронавирус илдети жок экендигин далилдейт. Документ буга чейин 200 миллион адамга берилген. Covid паспорту башка өлкөгө барганда жүргүнчүнү кошумча текшерүүдөн же карантинден куткарат деп болжолдонгон. Бирок тилекке каршы көйгөйлөр жаралууда.

1-июлдан тартып, ковид паспорту Европа Биримдигине кирген өлкөлөр ичинде саякаттоо үчүн расмий түрдө күчүнө кирди. Бул документти колдонгон адам коронавирус жок экендигин тастыктоочу электрондук тутумга кирет. Европа Комиссиясынын маалыматы боюнча, бул санариптик сертификаттын 200 миллиону буга чейин берилген. Шаршемби күнү кечинде Ирландиядан башка 26 өлкө текшерүү тутумуна кошулду.

Брюссель аэропортуна саякаттоо үчүн дээрлик 20 миң адам келди. Алардын көпчүлүгү дагы бир жолу саякатка чыгууга кабатырланып турушат.

Глен аттуу жаран Грекияга эс алганы бара жатат. Ал каттоодон бир топ мурун келген, бирок документтерди текшерип жатканда кезек көп болгондуктан, учууга кечигип калган.

Негизги көйгөйлөрдүн бири - ар бир мамлекеттин өзүнүн туристтик саясаты бар. Covid-19 сертификаты башка өлкөгө келгенде жүргүнчүнү кошумча текшерүүдөн же карантинден куткарат деп болжолдонгон. Бирок мүчө мамлекеттер саякатчы келген жерде санитардык-эпидемиологиялык абал начарлап кетсе, жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.