Жаңылыктар
Индияда СOVID-19дан каза болгондордун саны 400 миңге жакындады
Дүйнө
Индияда СOVID-19дан каза болгондордун саны 400 миңге жакындады

Расмий бийлик бир суткада эле коронавирустан 900 киши көз жумуп, вирус жуктургандар 30 миллион кишиге жеткенин кабарлады. Ал ортодо Индияда жаан-чачын мезгилине байланыштуу Ганга дарыясында суунун деңгээли жогорулап, быйыл жазында коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрү калкып чыгып калууда. 

Анда аймактагы жашоочулардын көбү каза болгон жакындарынын сөөктөрүн салтка ылайык өрттөй албай, шашылыш түрдө сууга агызып же жээктеги кумдуу жерлерге көмүп коюшкан. Ганга дарыясынын жээгинде жайгашкан Аллахабад шаарынын бийлиги акыркы үч жуманын ичинде суудан калкып чыгып калган 150 сөөк өрттөлгөнүн билдирди. 

Калаа бийлигинин маалыматына караганда, коронавирус күчөп турган маалда Ганга дарыясынын жээктерине 600гө чейин кишинин сөөгү көмүлгөн болушу мүмкүн. Салтка ылайык, индустар каза болгон кишинин сөөгүн өрттөп, күлүн сууга чачышат. Бирок бул жөрөлгө үчүн 100 долларга чейин акча төлөө керек болгондуктан, калктын жакыр бөлүгү жакындарынын сөөктөрүн ыйык эсептелген Ганга дарыясына агызып жиберишкен. 1,5 миллиардга жакын калкы бар Индия дүйнөдө коронавирустан эң көп жапа жеккен өлкө болуп эсептелет.