Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай. Оор жүк ташуучу жүзгө жакын унаа кезекте турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай. Оор жүк ташуучу жүзгө жакын унаа кезекте турат

Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кыргыз-казак чек арасындагы жагдай тууралуу билдирүү таратып, абалды жалпы жолунан туруктуу деп баалады. Мекемеден кабарлашкандай, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатышат. “Ак-Тилек-автожол” бекетинде авторанспорттордун анча чоң эмес топтолуусу байкалууда. Оор жүк ташуучу 119 унаа кезекте турат. 

Чек ара кызматы транспорттордун топтолушу кайталанма мүнөзгө ээ экенин, жүк ташуу көбөйгөн кезде, өзгөчө эс алуу күндөрү жана базар кызыган күндөрү арбый түшөрүн маалымдайт. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады. 

Мекеме ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы башка чек ара бекеттеринде автотранспорттордун кезекке туруусу байкалбаганын билдирүүдө. Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш унаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.