Жаңылыктар
Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада жардыруу болду
Дүйнө
Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада жардыруу болду

Кечээ Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканага жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 70ке жетти. Жарат алгандардын саны 100дөн ашат. 

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жана “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бутагы алышкан. 

Кветта шаарындагы оорукана - киши колдуу болуп каза болгон белгилүү адвокат Билял Каши менен коштошуу зыйнаты учурунда жардырылган. Адвокат Каши менен коштошуу үчүн ооруканада 200дөй адам чогулган болчу.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118