Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Кветта шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

 





«Кветта шаарындагы террордук акциядан улам көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул үрөй учурган мыкаачылык актыны чечкиндүү айыптайт жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экендигин белгилейт», - деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында. 

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118