Жаңылыктар
Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКнын төрайымы болуп тандалды
Кыргызстан жаңылыктары
Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКнын төрайымы болуп тандалды

Нуржан Шайлдабекова кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп тандалды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында маалым болду. Ушул жумада БШКнын жаңы курамы түзүлгөн. 

Көпчүлүк добуш менен Шайлдабекова төрайым болуп, ага комиссиянын 11 мүчөсү “макул”, бирөө "каршы" деген добуш берди. 

Белгилей кетсек, Нуржан Шайлдабекова аталган кызматты беш жылдан бери жетектеп, бир нече шайлоону өткөргөн. Ошондой эле БШКнын төрайымынын орун басарлыгына добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев дайындалды.