Жаңылыктар
Кыргызстан жана Азербайжан Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жана Азербайжан Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан жана Азербайжан Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясы университетинин ректору –тышкы иштер министринин орун басары Хафиз Пашаев менен жолугушуусунда ишке ашты. 

Ошондой эле тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды өткөрүүнү талкуулашты. 

Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучуларынын жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, бир семестрге студенттердин жана окутуучулардын академиялык алмашуу керектигин сунушташты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн дипломатиялык академияларынын ортосундагы байланышты максималдуу түрдө активдештирүүнү, академиялык чөйрөлөрдүн биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнү жана студенттердин алмашуусун түзүү жөнүндө макулдашылды. 

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жана Азербайжан Дипломатиялык А академиясы университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.