Жаңылыктар
Өлкө башчыга жакынкы күндөрү чыгарыла турган күмүш тыйындары көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчыга жакынкы күндөрү чыгарыла турган күмүш тыйындары көрсөтүлдү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Жолугушуу маалында мамлекет башчы өлкөнүн валюта рыногунун абалы, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, экономикадагы азыркы кырдаал жана ага тышкы факторлордун, анын ичинде АКШ долларынын тийгизген таасири тууралуу маалымат алды. 

Улуттук банктын башчысы, алмашуу кунунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу жана валюта рыногунда кырдаалды туруктуу кармоо үчүн каржылык регулятор болгон ыкмаларды колдонуп жаткандыгын айтты. Өлкө башчы Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунун абалына бекем көз салып, сомдун туруктуулугун сактоо боюнча өз маалында чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы ошондой эле, өлкө Президентине жакынкы күндөрү айлантууга чыгарыла турган «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл» жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» күмүш тыйындарын көрсөттү.