Жаңылыктар
Таалай Базарбаев чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту
Туризм
 Таалай Базарбаев чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев аталган өлкөдөгү бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Базарбаев Россиянын элчиси Сергей Разов, Казакстандын элчиси Ерболат Сембаев, Өзбекстандын элчиси Отабек Акбаров жана Азербайжандын элчиси Маммад Ахмедзада менен жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Римдеги элчиликтердин ортосундагы кызматташтык, достук байланыштарды жандандыруу жана маданий-гуманитардык багытта биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды. 

Жолугушуулардын жыйынтыгында элчиликтер ортосундагы диалогду улантуу жана бардык багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.