Жаңылыктар
Өкмөт башчынын иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчынын иш сапары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экспортко багытталган ишканаларды колдоо - өкмөттүн ишиндеги негизги приоритеттүү багыттардын бири экенин билдирди.

Өкмөт башчы бүгүн Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө сүт азыктарын чыгарган «Ак-Сүт» жана Москва районундагы жем чыгаруучу «Кыргыз Корм» ишканасынын иши менен таанышты. 

 «Ак-Сүт» ишканасынын башчысы Кайрат Абдуллаев ишкана тууралуу жалпы маалымат берип, чыгарылган азыктар Россия менен Казакстанга экспорттолуп жатканын билдирди. 

Ал эми «Кыргыз Корм» ишканасына барган учурунда жетекчиси Хе Годун ишкананын мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. Анын айтымында бүгүнкү күндө чыгарылган продукциялар Тажикстан Республикасына экспорттолууда. 

Жакынкы мезгилде ишкананы кеңейтүү пландаштырып жатат жана балык үчүн жем чыгарыла баштайт. Өкмөт башчы экспортко багытталган ишканалардын санын көбөйтүү менен чыгарылган продукцияларды сырткы рыноктун талаптарына жооп бергидей, жогорку сапатта камдоо зарылдыгын белгиледи.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118