Жаңылыктар
“Биздин Кыргызстан” саясий партиясына байланыштуу арыз каралды
Шайлоо 2023
“Биздин Кыргызстан” саясий партиясына байланыштуу арыз каралды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына байланыштуу арызды карады. 

Аталган партия үгүт иштерине башка өлкөнүн саясий ишмеринин сүрөтүн колдонгон. Бул жерде “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулуп жатат. Боршайкомдон кабарлагандай, кайрылууну кароонун жыйынтыгында “Биздин Кыргызстан” партиясына жазуу түрүндө эскертүү берүү чечими кабыл алынды. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештерине шайлоого үгүт иштери 21-июндан тарта жүрүп жатат. Аталган калааларда кайра добуш берүү 11-июлга белгиленген.