Жаңылыктар
Өлкөдө күн карама майынын баасы дагы көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө күн карама майынын баасы дагы көтөрүлдү

Өлкө боюнча күн карама майына болгон баалар орточо 181,77 сомду түздү. Бул өткөн айга салыштырмалуу 2,6 эсеге өскөндүгүнөн кабар берет. Ал эми пахта майына болгон баалар 1 кг үчүн 176,26 сомду түзгөнүн жана 3,8 эсеге өскөнүн көрсөттү. 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Күн карама майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору Исфана , Жалал-Абад шаарларында сатылууда. Ал эми Өзгөн, Кара-Балта жана Талас шаарларында салымшытрамуу баанын төмөндүгү байкалган. 

Күн карама майына болгон баалардын өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында - 6,3 пайызга, Талас шаарында - 4,9 пайызга, Токтогул шаарында - 4,3 пайызга жогорулады. Пахта майына болгон чекене баалар Токмок, Жалал-Абад, Исфана, Токтогул шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Талас, Кара-Суу шаарларында жана Покровка айылында байкалды. 

Июнь айында пахта майына карата баалардын май айына салыштырганда Кербен шаарында - 10,9 пайызга, Талас - 9,7 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - 7,2 пайызга максималдуу өскөнү байкалды.