Жаңылыктар
Филиппинде аскер учагы кырсыкка учурады
Дүйнө
Филиппинде аскер учагы кырсыкка учурады

Филиппинде аскер учагы кырсыкка учураган видео тарады. Видеодон аба кемесинин сыныктарын, жалын, кара түтүндү көрүүгө болот. 

С-130 үлгүсүндөгү учак  Холо аралындагы Сулу провинциясына кулаган. Филиппиндин коргоо министри Делфин Лорензанунун берген маалыматы боюнча, кырсыктан 29 адам каза таап, 50дөй киши жабыркаган. 

Дагы 17 жарандын тагдыры белгисиз болууда. Учактын ичинде 84 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Филиппиндин куралдуу күчтөр штабынын начальниги кырсыктын себеби катары учак учуп-конуучу тилкеге коно албай койгонун айткан.