Жаңылыктар
Ташкент-Балыкчы поезд каттамы тууралуу так маалымат жок
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент-Балыкчы поезд каттамы тууралуу так маалымат жок

Ташкент-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамы тууралуу азырынча так маалымат жок. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма-сөз катчысы Эркин Каимов билдирди. Анын айтымында айрым маалымат каражаттарынын каттамдын жанданышы тууралуу жазып чыккандары чындыкка коошпойт.

 

“Ташкент-Балыкчы” багыты боюнча туристтик поезд каттамын ачуу тууралуу макулдашуу да, болжолдуу маалыматтар да жок. Бул максатта үч жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талап кылынат. Тактап айтканда өзбек, кыргыз, казак тараптар бир макулдашууга келген соң маселе ачыкталат. Ага чейин маселе чечиле элек. 

Эскерте кетсек 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облусунда болгон июнь коогасынан соң Ташкент-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамы токтотулган. Ошондон бери бул багыт боюнча поезд акыркы жолу былтыр август айында каттаган. Быйыл качан каттаары белгисиз - деди Эркин Каимов.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118