Жаңылыктар
Бүгүн өлкөнүн дээрлик бардык аймагында абанын температурасы 40 градуска жетет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн өлкөнүн дээрлик бардык аймагында абанын температурасы 40 градуска жетет

Бүгүн өлкөнүн дээрлик бардык аймагында абанын температурасы 40 градуска жетет. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. 

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 38…40° ысык болот. Күндүн катуу ысыганына баланыштуу Бишкек мэриясы шаардыктарды бирден бак-дарак сугарууга чакырат. 

Шаар бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей, "Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу таңкыс. Урматтуу шаардыктар, сиздер да четте калбай бирден даракка, жашыл бакка, жок дегенде үйүңүзгө жакын жердеги өсүмдүккө суу куюңуз. Шаардагы төрт акимчилик, мэриянын бардык кызматтары шаардагы бадал, дарактарды сугарууга киришет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги менен шаарга берилүүчү сугат суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашкан. Бүгүндөн тарта жеткиликтүү көлөмдө суу келе баштайт. Мэрия дарактарды эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керектигин эскертти.