Жаңылыктар
Оң рулдуу унаалардын тетиктерин сырттан алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Оң рулдуу унаалардын тетиктерин сырттан алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу унааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. 

Министрлик 2015-жылы рулу оң тарабында жайгашкан автокөлүктөрдү өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегендигин белгилейт. Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу унааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө. 

"Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Анда кузовду алмаштырууга уруксат берилген. Ошону менен бирге иш жүзүндө каттоо учурунда эски транспорт каражатын каттоо документтерине жаңы машинанын маалыматтары киргизилип колдонулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты", — деп жазылган документте. 

Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн. Мунун коммуналдык чарба, айыл чарба, жолдорду курууга пайдаланылган автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, чачып, жууган машиналар жана өкмөт тарабынан аныкталган транспортторго тиешеси жок экендиги айтылат.