Жаңылыктар
Бакуда "Кыргыздар" китебинин бет ачары болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бакуда "Кыргыздар" китебинин бет ачары болду

Бакудагы ТҮРКПА Катчылыгында Кыргызстан менен Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Азербайжан-Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ассамблеядан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев, ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, "Азербайжан-Кыргызстан" парламенттер аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү Гулиев, Велиева, Жафаров катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аспектилери аныкталды. Депутаттар жемиштүү кызматташуунун негизи болгон орток тарыхый жана маданий мурастардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Тегерек столдун алкагында ошондой эле азербайжан тилине которулган “Кыргыздар” китебинин бет ачары болду. Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана мурасын чагылдырган китептин автору - Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев. Бул китеп буга чейин алты чет тилде басылып чыккан.

Ошондой эле, азербайжан жазуучусу жана акыны Адил Жамилдин "Манас" китебинин бет ачары болуп өттү.