Жаңылыктар
Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия алды
Спорт
Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия алды

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия алды. 

Японияда өтө турган оюндарда Кеңешбеков 5 миң метр аралыкка чуркайт. Алдын ала жарыш 3-августта, ал эми финал 6-августта болот. 

Кеңешбеков Кыргызстандын атынан жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган он сегизинчи спортчу болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов,Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев грек-рим жана эркин күрөштөн, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жеңил атлетика, марафонго чуркоо, Роман Петров фехтование, Каныкей Кубанычбекова ок атуу, Денис Петрашов сууда сүзүү, Айаал Лазарев күрөш, Владимир Золоев дзюдо жана Бакдөөлөт Расылбеков оор атлетика боюнча лицензияга ээ болушкан.