Жаңылыктар
Кыргызстандын курама тобу "Танк биатлону-2016" мелдешине катышып жатат
Дүйнө
Кыргызстандын курама тобу "Танк биатлону-2016" мелдешине катышып жатат

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн курама тобу Россияда өтүп жаткан эл аралык “АрМи-16” аскердик оюндарынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан билдиришти. 

Финалдык беттештерге, кыргызстандык танкисттер менен Кытай, Россия, Казакстан, Индия, Беларусь, Азербайжан, Армения, Монголия, Сербия, Иран жана Аноланын топтору чыкты. 

Ал эми Кувейт, Тажикстан, Венесуэла, Никарагуа жана Зимбабведен келген топтор, тийиштүү упай топтой албай, мелдештен четтеди. 

Танк биатлонуна жалпы 17 курама топ катышкан жана кезектеги таймаштар 10-августта болот. 30-июлда башталган “Танк биатлону-2016” мелдеши 13-августта жыйынтыкталат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118