Жаңылыктар
Иранда "Дельта" штаммы жайылып жаткандыктан, чоң шаарларда чектөөлөр күчөтүлдү
Дүйнө
Иранда "Дельта" штаммы жайылып жаткандыктан, чоң шаарларда чектөөлөр күчөтүлдү

Ирандын бийлиги коронавирустун "Дельта" варианты жайылып жаткандыктан, чоң шаарларда чектөөлөрдү күчөткөнүн 4-июлда жарыялады. Ага ылайык, баш калаа Тегеран баштаган 275 шаарда өтө зарыл эмес ишканалар жабыла турган болду.

COVID-19дун жайылышы боюнча "кызыл" жана "сары" тилкелерге кирген шаарларда сейил бактар, ресторандар, сулуулук салондору, соода жайлары жана китеп дүкөндөрү да жабылат. 3-июлда президент Хасан Роухани Иранды коронавирустун бешинчи толкуну тооруп турганын эскертип, элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырган. "Дельта" варианты адеп Ирандын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында жайыла баштаган. 

Өлкөдө июндун ортосунан июлдун башына чейин вирусту жугузуп алгандардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү. Иран Жакынкы Чыгыштагы COVID-19дан эң катуу жабыркаган өлкө. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө 3 миллиондон ашуун киши өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алса, 85 миңдей адам бул илдеттен көз жумду. 

Бирок эпидемиянын чыныгы масштабы расмий айтылгандан кыйла көп экени кабарланып келет. Эл аралык адистер алгач Индияда аныкталган "Дельта" штаммы адамга жугары менен белгилери тез эле пайда болорун, өпкө клеткаларын жабыркатарын жана дененин туруштук берүүсүн алсырата турганын эскертишкен. Алар бул штамм өзгөчө вакцина албагандардын арасында жайылып жатканын белгилешет.