Жаңылыктар
Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кулап, 45 адам каза болду
Дүйнө
Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кулап, 45 адам каза болду

Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кулап, 45 адам каза болду. Расмий бийлик алардын үчөө учак кулаган жерде жүргөн жай тургундар экенин ырастады. Маалыматка ылайык, бортунда 96 жоокерди салып бара жаткан "Локхид Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралында кулаган. 

Учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаганы кабарланууда. Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн. 

Аймактагы армиянын өкүлү, генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты. Кырсыктан аман-эсен куткарылган ондогон аскер ооруканага жаткырылды. “Би-Би-Си” кабарлагандай, борттогу айрым жоокерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.