Жаңылыктар
Европада бир жолу колдонулуучу желим идиштерге тыюу салынды
Дүйнө
Европада бир жолу колдонулуучу желим идиштерге тыюу салынды

Европада бир жолу колдонулуучу желим идиштерге тыюу салынат. Бул тууралуу Европа Комиссиясы жана анын Айлана-чөйрө боюнча комиссары Twitter баракчаларына жазган. 

Тийиштүү мыйзам, 2019-жылы кабыл алынып, Европа Биримдигине мүчө бардык мамлекеттерин пластикалалык каражаттардын бардык түрүн сатуудан алып салууга жана аларды 2021-жылдын 3-июлуна чейин чыгарбоого милдеттендирген. 

12 айдын ичинде мурдагы топтолгонун сатууга уруксат берилет, бирок андан кийин тыюу салуу толук күчүнө кирет. Деңиз менен океандарды булгаган таштандылардын 80% дан ашыгы желимден жасалган. Ал буюмдар көп учурда бир гана жолу колдонулуп, андан кийин ыргытылат. 

Бул бир гана деңиз ичиндеги өсүмдүк, жандыктарга гана зыян алып келбестен, жээктерде эс алган адамдардын өмүрүнө да коркунуч жаратууда.