Жаңылыктар
Кыргызстанда малды башка өлкөлөргө экспорт кылууга уруксат берилет
Экономика
Кыргызстанда малды башка өлкөлөргө экспорт кылууга уруксат берилет

8-июлдан тартып Кыргызстандан малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев билдирди. "Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды" - деди Ибраев. 

Анын айтуусунда, Кыргызстандан тоют негизинен Казакстанга сатылат. Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чектөө коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.

Быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болуп, баасы өсүп жатат. Министрликтин маалымдашынча быйыл чөп мурунку жылдарга караганда 35% аз жыйналууда.