Жаңылыктар
ИИМ: мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияны уюштурган каналды аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылган Россиянын Бурятия Республикасына иштегени барган 6 кыргызстандыктын паспортторун жумуш ээлери алып коюп, аларды мыйзамсыз кармап жүрүшкөн деген маалыматты текшеришкен. 

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок болсо да кыргыз жарандарын мыйзамсыз Бурятияга жөнөткөндүгү аныкталды.

Кыргызстандыктан чет өлкөдө жумушка орношуудагы жакшы шарттарды жана жогорку кирешени убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык тармактар жана Бишкек шаарынын базарларында жайгаштырылган жарнамалар аркылуу билишкен. Мындан тышкары, кармалган адам мигранттарга Россияга кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Бузуулар жөнүндө кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренеси менен катталып, шектүүгө кабарлама берилип, ага карата иш сотко жиберилди.