Жаңылыктар
«Түндүк электр» ачык акционердик коому карызы бар 6 миңдей абонентти аралыктан өчүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
«Түндүк электр» ачык акционердик коому карызы бар 6 миңдей абонентти аралыктан өчүрөт

6-июлдан тартып «Түндүк электр» ачык акционердик коому дебитордук карызы бар 6 миңдей абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча дебитордук карызы бар 6 миң 100 абоненттин карызы 5 млн 200 миң сомду түзөт. 

"Түндүк электр" ишканасы ыңгайсыздыктардын алдын алуу үчүн электр энергиясына карызы бар абоненттерди төлөмдү өз убагында төлөөгө чакырат.