Жаңылыктар
Мамлекет башчы тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет башчы тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Президенттин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине бизнестү өнүктүрүү, ишкерчиликке тоскоол болгон маселелерди жоюу боюнча тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүү менен чогуу берген.