Жаңылыктар
"118" ыкчам байланыш кызматынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди
Ден соолук
"118" ыкчам байланыш кызматынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "118" ыкчам байланыш кызматын күчөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүздү. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 118 кызматына кайрылуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу адистер тарабынан бул кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш-чаралар көрүлдү. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында эң алгач "118" кызматынын операторлорунун штаты көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, медициналык академиянын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды. Алар үчүн атайын окутуучу тренингдер өткөрүлүп, кайрылуучулар менен туура диалог түзүү, ошондой эле атайын санарип чечимдер тууралуу кенен маалымат берилди. Мындан тышкары, кызматтын элге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында байланыш каналдарын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. 

Даярдыктарды көрүү иш-чараларынын алкагында COVID-19дун белгилери бар бейтаптардын маалыматтарын ыкчам түрдө мобилдик топторго жеткирүү механизмдери кошумча иштелип чыкты. "118" кызматынын милдеттери кеңейтилди. Эми кайрылуучулар онлайн сервистен тышкары, "118" кызматы аркылуу эмдөөдөн өтүүгө катталып, эмдөө процедурасына байланыштуу суроолоруна жооп ала алышат. Аталган кызматтын операторлору иш графигине ылайык ысык тамак-аш менен камсыз болушту. "118" кызматына тамак-ашты жеткирүүдө Кайрымдуулук гильдиясы көмөк көрсөтүүдө, - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-чаралар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте коронавируска каршы Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча БУУнун өнүктүрүү программасынын “Сорос Кыргызстан” фонду менен өнөктөштүктө, каржылык колдоосу астында жүргүзүлдү.