Жаңылыктар
Ошто салыкты жашырган май куюучу жайлар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто салыкты жашырган  май куюучу жайлар аныкталды

Салык кызматы Ошто мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн алты май куюучу жайга 210 миң сом айып салды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Ош шаары жана облусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды жашыруу фактысы табылган.

Тагыраак айтканда, "МПА", "Ош ойл", "Кыргызстан", "Россия нефть", "Кыргыз Мунай" жана "Памир-Алай" май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун онлайн-режиминде Салык кызматына берген эмес. Эскерте кетсек, май куюучу жайларда өткөн жылдын 1-июлунан баштап контролдук-кассалык чек басып чыгаруу функциясы бар машиналарды колдонууга, ошондой эле ал маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүгө милдеттендирилген.

Мындай тартипти бузган жеке ишкерге 12 жарым миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом айып салынат. Салык кызматы күйүүчү май рыногундагы ишкерлерди талап кылынган ченемдерге ылайык иш алып барууга чакырат.