Жаңылыктар
Россияда туристтер үчүн атайын эрежелер киргизилди
Дүйнө
Россияда туристтер үчүн атайын эрежелер киргизилди

Россияда коронавирусту жуктургандар көбөйүп, адам курмандыктары өсүп жаткандыктан, өлкөдө туристтер үчүн эс алуу жайларында атайын эрежелер киргизилди. Мисалы Краснодар аймагынын туристтик жайларында эс алуучулар мейманканага жайгашуунун алдында эмделгени тууралуу сертификатын, ПЧР-анализдин жыйнтыгын же ооруп айыгып чыккандыгы тууралуу маалыматты көрсөтүүсү керек.

Коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу Россиянын Краснодар аймгындагы курорттордогу эс алуучуларга жаңы эрежелер кирди. Ага ылайык, эс алуучулар мейманканага жайгашуунун алдында эмделгени тууралуу сертификатын, ПЧР-анализдин жыйнтыгын же ооруп айыгып чыккандыгы тууралуу кагазды көрсөтүүсү керек. Ал эми 1-августтан тарта буга окшогон дагы кошумча катаал эрежелер кирет. Адистер бул туризмге байланган аймактын экономикасы катуу сокку болоорун эскертишүүдө.

Сочи аймагындагы ири делген туристтик операторлор жаңы эрежелерден улам эс алуучулар арасында түшүнбөстүктөр жаралып жатканын айтууда.
Алардын баамында мындай буйрутмалардын массалык кайра артка кайтарылышы боюнча окуяларга мурда туш болушпаганын, эми мындан ары туристтик компанияларга киреше түшүүсү үчүн эс алуучулардын эмделгенинен көз каранды.

Ал арада Россияда төрт күн катары менен коронавирустун курмандыктары рекорддук чекке жетти. Москва шаары корнавирус жуктурган аймактардын ичинде алдыда. Бирок Россиянын 10 аймагында да Москванын көрсөткүчүнө жакындап калды.
Бийликтегилер илдеттин тез жайылышын жарандардын эрежелерди сактабагандыгы жана убагында эмдөө албай жатышы менен түшүндүрүүдө.