Жаңылыктар
Өлкө кызыкчылыгына каршы келишимдер кечирилбейт
Саясат
Өлкө кызыкчылыгына каршы келишимдер кечирилбейт

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген депутаттар, Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча норманы да киргизүүгө ниеттенишүүдө. Мурдагы жетекчилердин чыккынчылыгынан улам мамлекет Кумтөрдү башкаруу таянычтарынан ажырап, өз үлүшүнүн көпчүлүк бөлүгүнөн кол жууган. 

Конституциянын жаңы долбоору учурда коомдук талкууда турат. Андагы негизги өзгөртүүлөрдүн бири кылмыш жоопкерчилигинин эскирүү мөөнөтү тууралуу. Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан вариантында 26-берене жаңы 7-бөлүк менен толукталууда. 

 Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулат. Кылмыш жасалган бардык учурларда, эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан, жазык иши боюнча тергөө ишти сотко берүү менен акырына чейин чыгарылат;

26-берене, 7-бөлүк. Конституциянын сунушталып жаткан жаңы редакциясы.

Бул бөлүк убагында Кумтөр келишими боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгон кызмат адамдарына багытталган. Ал эми экинчи берененин 6-бөлүгүндө Кумтөр боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү тууралуу так баяндалат.

 “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарды, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
Аталган адамдар ушул кылмыш жосундарын кайсыл убакта жасагандыгына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бар адамдар кирбейт.


2-берене, 6-бөлүк. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы.

Серепчилердин пикиринде, эртеби-кечпи Кумтөр келишимдерине буга чейин кол койгон ар бир жетекчи жооп бериши керек. Бирок ушул убакка чейин өлкөнүн мыйзамдарында муну ишке ашырууга тийиштүү нормалар жазылган эмес. Тактап айтканда, кылмыш-жаза кодексинде оор кылмыштар үчүн эскирүү мөөнөтү 10 жыл деп жазылган.
Эксперттер баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү, анын ичинен Кумтөр боюнча жазага тартуунун эскирүү мөөнөтүн алуу туура деп эсептешет. Бирок бул ири долбоор боюнча териштирүү өтө олуттуу болот жана узакка созулушу мүмкүн. Андыктан кылмыштын эскирүү мөөнөтү боюнча чечимди бир гана сот кабыл алууга тийиш деп эсептешет.
"Негизи Конституциянын 26-беренесине киргизилип жаткан өзгөртүүнүн мааниси туура эле. Анда оор кылмыштар жасалган учурда тергөө амалдары акырына чейин жүргүзүлөт, ал эми кылмыштын эскирүү мөөнөтү боюнча бир гана сот чечим кабыл алат. Бирок мында идея туура болгону менен мыйзамга дагы толуктоолор керек. Мисалы тергөө кызматкерлери же прокурорлор эскирүү мөөнөтү бүттү деп ишти токтотуп койбош керек, бул маселени бир гана сот чечиши керек. Конституцияга өзгөртүү киргизгенден кийин мына ушул нерселерди мыйзамга так жазып чыгуу зарыл", - дейт Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев.
 Жогорку Кеңеш конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарды күздө карай баштайт. Ага чейин мыйзам демилгечилери бардык сунуш-пикирлерди кабыл алып, документти дагы жаңылоого дагы мүмкүнчүлүктөрү бар.