Жаңылыктар
Бажыда аткезчиликке каршы күрөшүү өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Бажыда аткезчиликке каршы күрөшүү өстү

Ушул жылдын алты айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 1 миң 301 укук бузуу фактысы аныкталды. Анын 1 миң 188не мыйзам бузуу иши козголуп, 5 млн 118 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлгөн жана 25 млн 308 миң 897 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн. 

Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча, 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Алар боюнча келтирилген зыян 64 млн 458 миң 328 сом өлчөмүндө өндүрүлдү. Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 млн 288 миң 475 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча алымдар 121 млн 174 миң 200 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 115% га жогорулаган. Ошол эле маалда бюджетке кошумча алымдардын суммасы 62,4% га же 46 жарым млн сомго көбөйгөн.